Жаңылыктар

Кеңейтилген семинар

Мамэкотехинспекциянын регионалдык башкармалыктарынын ишин оптималдаштыруунун алкагында директор Т.Нурбашев башында турган ведомствонун жетекчилиги тарабынан 2013-жылдын 11-12 октябрында 17 регионалдык бөлүмдөрдүн жетекчилери үчүн кеңейтилген семинар-кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеде 2013-жылдын 9 айы ичинде аткарган иштери тууралуу отчеттору угулду жана Мамэкотехинспекциянын бардык багыттары боюнча окутуу семинарлары өткөрүлдү.
Кеңешменин жыйынтыгында Мамэкотехинспекциянын жетекчилиги, төмөнкү үч регионалдык башкармалыктын ишине оң баа берди:
Бишкек шаары, Сокулук, Аламедин райондору боюнча;
Нарын шаары, Ат-Башы Ак-Талаа, Тогуз-Торо райондору боюнча;
Майлуу- Суу шаары, Ноокен, Базар-Коргон райондору боюнча.

Мындан сырткары, кеңешменин жыйынтыгында ишти жетишсиз дэңгээлде уюштургандыгы үчүн Мамэкотехинспекциянын регионалдык башкармалыктарынын 3 башчысына жана 17 орун басарына эскертүү берилген.

Ош областынын Кара-Суу районундагы Кара-Суу базары боюнча аткарылган иш-чаралар боюнча маалымат

   Тураталы мамлекеттик базарынын аймагында өрт өчүрүүчү 1000 тонналык суу көлмөсү жайгашкан, 2005-жылдагы революциядан кийин суу көлмөнүн үстүнө Абжапарова Суксур жана Убрагимов Жанарбектер  эч бир архитектуралык уруксаат кагаздары жок мыйзамсыз өз алдынча курулуш куруп, 7 жылдан бери коомдук ашкана кылып иштетип келе жаткандыгы аныкталды. Жеке ишкер Б.Шайназарованын кичи соода базарында 503 соода контейнерлер жайгашкан, 6 контейнерди 400 тонналык өрткө каршы суу көлмөсүнүн үстүнө жайгаштырып, жаап койгон. Азыркы  күндө суу көлмөлөрүнө кирүүгө жана иштетүүгө мүмкүнчүлүк жок.

Подробнее: Ош областынын Кара-Суу районундагы Кара-Суу базары боюнча аткарылган иш-чаралар боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭТКМИ директорунун орун басары Сатымбаев А. соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-польша өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын кезектеги 3-отурумуна катышты.

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын  директорунун  орун  басары  Сатымбаев Абдибек соода-экономикалык  кызматташтык  боюнча  кыргыз-польша өкмөттөр  аралык  биргелешкен комиссиясынын кезектеги 3-отурумуна катышты. Аталган  жыйын 2013-жылдын 22-23-октябрь күндөрү Варшава  шаарында  болуп өттү.    Анда кыргыз делегациясын экономика  министри Темир  Сариев  жетектесе,  Польша  тараптын  делегациясын  экономика министринин  орун  басары  Анджей Дыха  жетектеди.

Подробнее: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭТКМИ директорунун орун басары Сатымбаев А....

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун 2013-жылдын 25-сентябрдагы №469 буйругуна ылайык «Кара-Суу» базарындагы өрт коопсуздугунун абалын текшерүү өткөрүлдү.

   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы экологиялык  жана  техникалык коопсуздук  боюнча  мамлекеттик  инспекциясынын  директорунун 2013-жылдын 25-сентябрдагы №469  буйругуна ылайык жана  өрт  кырсыктарынын анализин   негизге  алып, регионалдык  башкармалыктын кызматкерлери  менен биргеликте «Кара-Суу» базарындагы өрт коопсуздугунун абалын текшерүү  өткөрүлдү. Анда  төмөнку өрт коопсуздугунун эрежелери бузулгандыгы аныкталды:

Подробнее: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ...

2013-жылдын 4-октябрь куну «Жаннат Ридженси» мейманканасында «Корея Республикасы-Борбордук Азия» кызматташтыгы боюнча 7-форум болуп өттү.

2013-жылдын  4-октябрь куну  «Жаннат Ридженси» мейманканасында «Корея Республикасы-Борбордук Азия» кызматташтыгы  боюнча 7-форум  болуп  өттү.  Ага   Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу  экологиялык  жана  техникалык коопсуздук  боюнча  мамлекеттик  инспекциясынын  уюштуруу  жана  талдоо иштерин  жүргүзүү  башкармалыгынын  башчысы Сакыев Д.Ж, ушул  эле  башкармалыктын  башкы адиси Карыбеков.З.А, экологиялык коопсуздук  башкармалыгынын    жетектоочу адиси катышты.  Форумдун  жыйынтыгы менен   Корея Республикасы жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу  меморандумуна тагыраак  айтканда  токой  өнөр-жайындагы  ыйгарым укуктуу органдар менен   алака  түзү  документине кол  коюлду.

Мамэкотехинспекция ѳрт коопсуздугун сактоо максатында Саламаттык сактоо министрлигинин 872 объектисинде ѳрткѳ каршы абалын текшерүү иштери жүргүзүлгѳндүгүн билдирет.

        Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу  Экологиялык жана  техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясы иш планга ылайык,  ошондой эле ѳрт коопсуздугун сактоо максатында  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин калкты медициналык жактан тейлѳѳ ишмердүүлүгүн жүргүзгѳн 872 объектисинде ѳрткѳ каршы абалын текшерүү иштери   жүргүзүлгѳндүгүн билдирет.

Подробнее: Мамэкотехинспекция ѳрт коопсуздугун сактоо максатында Саламаттык сактоо министрлигинин 872...

Мамэкотехинспекциянын өртү көзөмөлдө адистери шайлоо участкаларын текшерүнүн негизинде объектердин жетекчилерине 12 бүйрутма тапшырылды.

   Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештерин таратуу жана мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоолорду дайындоо жѳнүндѳгү» №156 Жарлыгына ылайык, 2013-жылдын 18-августунда ѳтѳ турган шайлоолордо шайлоо комиссиялары жайгашкан пункттардын ѳрт коопсуздугун камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2013-жылдын 26-июлундагы №304-буйругунун аткарылышы боюнча тѳмѳнкүдѳй маалымат билдирет.

Подробнее: Мамэкотехинспекциянын өртү көзөмөлдө адистери шайлоо участкаларын текшерүнүн негизинде...

Аймактык башкармалыктар менен таанышуу.

КР өкмөтүнүн алдындагы Мамэкотехинспекциясынын директору Таалайбек Нурбашев аталган инспекциянын Нарын, Чүй жана Ысык-Көлоблустарындагы аймактык башкармалыктардын жалпы кызматкерлери менен жолугушуп келди. Жолугушууда инспекциянын аткарган иштери жана көйгөйлүү маселелери талкуулады. Бүгүнкү күндө баардык башкармалыктарда экологияга тийешелүү маселелер орчундуу болуп жаткандыктары айтылды. Директор мындай маселелерди алдыналып, экологиялыкжана техникалык көзөмөл күчөтүлөрүн белгиледи. Ошондой эле материалдык жардам берилип, ар бир тармакка өтө муктаж болуп турган керектүү шаймандар тапшырылды.

Жаңы дайындоо.

Мамэкотехинспекциясынын директору болуп Нурбашев Таалайбек Инашевич дайындалды. Мурда ал ушул эле инспекциянын Бишкек шаары, Аламүдүн жана Сокулук райондору боюнча башкармалыгын жетектеп келген.

Урматтуу кесиптештер! Эгемендүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин үйрөнүү бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлүп жаткан маанилүү иш чара болуп эсептелинет.

Урматтуу кесиптештер!

     Эгемендүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин  үйрөнүү бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлүп жаткан маанилүү иш чара болуп эсептелинет. Анткени бул кыргыз улутунун тили, эгерде тил болбосо улут жок болот, демек мамлекеттин  дагы болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан бардык өлкөлөрдө өз эне тилин жогорку деңгээлде билүү маселеси көтөрүлүп жаткандыгы бекеринен эмес.  Мисалы, коңшу Казакстанда эне тилин үйрөнүү бала бакчадан тартып атайын программалар менен жүргүзүлө баштады.

Подробнее: Урматтуу кесиптештер! Эгемендүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин үйрөнүү бүгүнкү күндө...

Еще статьи...

  1. 2013-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө окутуу
  2. КРӨ караштуу ЭТКМИ эл аралык уюмдар менен кызматташуу алкагында 2013-жылдын 3-майында Германия эл аралык кызматташтык коомунун Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
  3. 25-апрелде Астана шаарындагы «Корме» көргөзмө борборунда эмгекти жана өнөр-жай коопсуздугун коргоо боюнча KIOSH-2013 3-эл аралык конференциясы болуп өттү.
  4. 2013-жылдын 12-апрелинде Мамэкотехинспекциясынын директору Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович Дүйнөлүк банктын суу ресурстары боюнча консультанты Девид Меербах мырза менен жолугушту.
  5. Кырсыктын абалы.
  6. IFC Дональд Макрей консультантынын миссиясы
  7. Мамэкотехинспекциясынын инспекторлору алдыда эмгекти коргоо чөйрөсүндө инспектирлөөнүн эл аралык тажрыйбасын окуй алышат.
  8. Мамэкотехинспекциянын кызматкрелерин окутуучу семинарлар
  9. «Кыргызстандын түштүгүндө электр чубалгыларын жанылоо» боюнча пландуу текшеруу
  10. Учкоргон ГЭСин текшерүү

Дополнительная информация